Ысык-Көлгө бараткан жолдо МАИнин болбошу жол кырсыгынын санына таасир берген жок

ИИМдин статистикасы боюнча 2012-жылы Бишкек-Каракол жолунда МАИ кызматкерлеринин алынышына карабай жол кырсыгы өскөн эмес. Бул тууралуу Туризм боюнча I Орто Азия аймактык конференцияда Kyrgyz Concept туристтик фирмасынын башкаруучусу Данияр Аманалиев билдирди.

Анын айтымында, бул чечимди кабыл алуу өкмөт үчүн оор болду. Бирок бул чечим өлкөгө туристтерди тартуу боюнча туура кадам болгон.

Мындан сарткары туризм үчүн жагымдуу учурлардын бири болуп “Манас” аэропортунда жашыл залдын иштеп баштаганы болду.

“Кыргызстан чек ара кызматы иштөөнү үйрөнгөнү маанилүү. Турист үчүн аэропорттогу чегара кабиналарынын толуп турганын көрүү абдан маанилүү. Болгону алар эми жылмайганды гана үйрөнүүсү керек”, - дейт Аманалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД