Өкмөт “Кумтөрдөн” экономиканын көз карандылыгынын азайтуу үчүн барын кылууда

“Өкмөт Кыргызстандын экономикасынын көз карандылыгынын “Кумтөрдөн” азайтуу үчүн колдон келген аракетти кылууда”, - деп премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештеги өкмөттүк күнгө арналган жыйында билдирди. Жыйында 2012-жылдын бюджетине түзөтүү киргизүү талкууланууда.

Анын айтымында, өзгөчө көңүл башка алтын кендерин иштетүү иштерине бурулууда. Андайдан азыр 4 кен бар.

“Талды-Булак сол жээк азырынча ишке кире эле. Аны 2014-жылдын биринчи кварталында ишке киргизүүнү пландап атабыз. Учурда аталган кенде курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Жерүй боюнча соттук иштер эми гана аяктады жана 20-декабрларда жаңы конкурс жарыялайбыз. Иштамбердиде администрацияны жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда. Бозумчак жана Алабука кендеринде подрятчиктер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Негизги иштер 2014-жылдын экинчи жарымында иштеп баштайт деп ойлоп атабыз”, - деп билдирди Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД