Финансы министрлиги Баш прокуратуранын күйгөн имаратын оңдоого 20 млн сом бөлөт

Финансы министрлиги 2013-жылдын бюджетинен 2010-жылы 7-апрелде күйгөн Башкы прокуратуранын имаратын калыбына келтирүү үчүн 20 млн сом бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

“Бирок, бюджет жана финансы комитетинин чечими менен бул чыгым кыскартылды. Эгер парламент колдосо, биз бул каражатты бюджеттин чыгымдар бөлүгүнө кошобуз”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД