Сатыбалдиев кен иштетүү үчүн лицензияны жашыруун бербөөгө сөз берди

КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кен иштетүү үчүн бериле турган лицензиянын бирөө да жабык эшик артында берилбейт деп билдирди. Ал мындай убаны бүгүн Жогорку Кеңештеги өкмөттүк күнгө арналган жыйында билдирди. Анда үстүбүздөгү жылдын бюджетине түзөтүү киргизүү талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар кен иштетүү үчүн канча лицензия берилгенине кызыгышты. Өкмөттүн өкүлдөрү бүгүнкү күнү 650 табыштама түшкөнүн билдиришти. “157 лицензия берилди. Буга чейин да 62 лицензия берилген”, - деди алар.

Сатыбалдиев эми мындан ары бир да лицензия жабык эшик артында берилбей турганын белгиледи. “Бардыгы мыйзам чегинде өтөт. Алар конкурстук түрдө же аукцион өткөрүү менен гана берилет. Тилекке каршы көпчүлүк лицензия берилип кетти жана аларды кайтарып алуу абдан оор. Өзүңүздөр деле сотто канча иш каралып атканын билесиздер”, - деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД