Секвестирлөө бюджет чыгымдарын 2,2 млрд сомго кыскартууга мүмкүндүк берди

“Секвестирлөө 2012-жылдын бюджет чыгымдарын 2,2 млрд сомго кыскартууга мүмкүндүк берди”, - деп премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештеги өкмөттүк күнгө арналган талкууда билдирди. Анда 2012-жылдын бюджетине түзөтүү киргизүү талкууланды.

Анын айтымында, мынчалык кыскаруу бюджет жана финансы комитетинин корутундусунда айтылат. “Ошентсе да чыгымдарды 3,3 млрд сомго кыскартуу пландалган. Бирок бюджетке 1,5 млрд сомдун түшпөй калуу коркунучу бар”, - деди Сатыбалдиев.

Эскертсек, мамлекеттик бюджеттин чыгым бөлүгүн секвестирлөө бюджет тартыштыгын кыскартуу үчүн жасалган. Бюджеттин тартыштыгы 23,7 млрд сом. Профилдик комитеттин корутундусуна ылайык, секвестирлөө тартыштыкты 21,5 млрд сомго чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД