Премьер эксперттерге эки баскычтуу бюджеттин эффетивдүүлүгүн баалоону тапшырат

“Эки баскычтуу бюджет – бардык көйгөйдү чечпейт”, - деп бүгүн премьер-министр Жогорку Кеңеште өкмөттүк күнгө арналган талкууда билдирди. Анда быйылкы бюджетке түзөтүү киргизүү талкууланды.

Аны өкмөт жетекчилигине дайындап атканда, ал эки баскычтуу бюджетке каршы экен деп кээ бири “туура эмес түшүнүшкөн”. “Мен анда бул канчалык эффектидүү экенин изилдөөнү сунуштагам. Биз 2013-жылы эки баскычтуу бюджетке өтөбүз. Бирок анын эффетивдүүлүгүн эксперттер баалашы керек. Эки баскычтуу бюджетти канчалык колдогондор болсо, ошончолук сындагандар да болууда. Бул бардык көйгөйдү чечүүчү жол эмес, андыктан ойлонуп кадам жасоо керек”, - дейт Жантөрө Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД