Бишкекте дос кызын сабаган сойку кармалды

Бишкекте чогуу иштеген дос кызын сабап, аны тоноп кеткен сойку кармалды. Бул тууралуу милиция кызматкерлери “ВБ”га билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ милицияга 1993-жылы туулган кыз кайрылып, аны Кундуз аттуу таанышы сабап, 250 долларын жана баасы 6 миң сомдук алтын чынжырчасын тартып алган.

Милиция кызматкерлери Бишкектин жаңы конуштарынын биринде жашаган 1994-жылы туулган кызды кармашкан. Ага карата кылмыш иши козголду. Айыпталуучу тергөө абагына камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД