Кыргызстан Катар, Кувейт жана Афганистанда өз элчилигин ачат

Кыргызстандын өкмөтү Катар, Кувейт жана Афганистанда өз дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште өкмөттүк күнгө арналган талкууда билдирди. Анда быйылкы бюджетке түзөтүү киргизүү талкууланды.

Анын айтымында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу өкмөттүн 2013-жылга болгон плананы кирет.

“Катар менен Кувейтке элчилик ачуу маселеси дагы да каралууда. Бирок Афганистанда биздин элчилик керек. Себеби, биздин көпчүлүк ишкерлер Афганистанды калыбына келтирүү ишине катышууну каалашат. Биздин ал жакта азыр же элчилик, же соода өкүлчүлүгүбүз жок. Эгер дипломатиялык өкүлчүлүк болсо, өз кызыкчылыгын коргоо оңой болот”, - дейт Сатыбалдиев.

Ал ошондой эле өкмөт араб мамлекеттери менен кызматташууну күчөтүүгө ниети бар экенин белгиледи. “Менимче Ислам конференциясы уюму алкагында бизге чоң өлчөмдөгү каражат бөлүнүшү мүмкүн”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД