Жогорку Кеңеш 2013-жылдын бюджетин биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин 2013-жылга карата долбоорун жана 2014-2015-жылдарга карата болжолун биринчи окууда жактырды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы пленардык жыйынында кабыл алынды.

2013-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунун кабыл алынышына 79 депутат макул деп добуш берсе, 2 эл өкүлү каршы болду.

2013-жылга карата бюджет долбоорун талкуулоо учурунда финансы министри Ольга Лаврова ИДПнин өсүшү 7 пайыз деп болжонуп атканын, инфляция – 8 пайыз болорун билдирди.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыкан Жолдошова токтоп турган ишканалардын эсебинен мамлекеттик кирешени көбөйтүүнү сунуштады.

“Өкмөт 2013-жылы мамлекеттин кирешесин көбөйтүү үчүн турак жайга болгон салыкты көтөрбөшү керек”, - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД