Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Кыргызстандын элдик-патриот кыймылынын тең төрагасы Нурлан Мотуевге карата козголгон кылмыш иши каралды. Ага Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча айып тагылууда.

Сот материалдарды карап чыгып, Мотуевди камабоого токтом чыгарды. Анын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоочу активисти камакка алууна суранган.

Мотуев 5-декабрда МУККнын убактылуу кармоочу жайына зордуктоо боюнча айыпталып камакка алынган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД