Сокулук районунда ири жол кырсыгы катталды

Сокулук районунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.

Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлорунун айтымында, жол кырсыгы Бишкек-Ош авто жолунун Новопокровка айыл аймагында катталган. Жол тандабас каршы тараптан келаткан жеңил унааны сүзүп кеткен.

Сокку ушунчалык катуу болгондуктан жеңил унаанын айдоочусу дароо каза болгон. Айдоочунун сөөгүн машинадан чыгаруу үчүн борбор калаанын куткаруучуларынын жардамы керек болгон. Ошол эле машинанын ичинде отурган жүргүнчү кыз менен бала да оор жаракат алышкан. Бала бир канча сааттан кийин ооруканадан каза болгон.

Тартип сакчыларынын айтымында, жол кырсыгына күнөөлүү жабыр тарткандарга жардам бергендин ордуна, кырсык болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД