MegaComдун кардарлары эки саат байланышы жок калышат

MegaCom уюлдук операторунун кардарлары эки саат байланышы жок калышат. Оператордун станциясында авария болду. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызтелеком” ААКынан “ВБ”га билдиришти.

Алынган маалыматтарга ылайык, уюлдук оператордун кардарлары авария жөнгө салынмайын чалууларды кабыл ала албайт жана чала алышпайт. Ошол эле убакта MegaComдун кардарлары башка уюлдук оператордун номерлерине чала алышат.

MegaComдон бул маалыматка кийинчерээк түшүндүрмө бере турганын айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД