МegaCom Кыргызстан боюнча байланыштын үзгүлтүккү учурашынын себебин тактоодо

МegaCom уюлдук оператору Кыргызстан боюнча байланыштын үзгүлтүккү учурашынын себебин тактоодо. Бул тууралуу компаниядан “ВБ”га билдиришти.

МegaComдун жалпы кардарларынын саны 2,5 миллиондон ашык. Кардарлар акыркы жарым сааттан бери чалууларды кабыл ала албай жана чала албай атышат. Ошентсе да оператордун кээ бир кардарлары башка операторлордун номерлерине чала алууда.

Эскертсек, буга чейин “Кыргызтелеком” ААКынын өкүлү уюлдук оператордун станциясында авария болгонун кабарлап, МegaComдун кардарлары эки саат бою байланышсыз каларын билдирген эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД