Ошто баасы миллион доллар болгон контрабандалык алтын кармалды

Ош облусунун транспорттогу ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ИИМдин ТИИБи баасы 1 млн доллардан ашуун контрабандалык зер буюмдарды кармашкан. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-декабрда болжол менен таңкы саат 5терде “Хундай Портер” машинасы токтотулган. Аны Ош аэропортунун жүк ташуунун уюштуруу кызматынан 23 жаштагы кызматкери айдап бараткан. Машинаны тинтүү учурунда алтындан жасалган салмагы 22 кг зер буюм табылган.

Алдын ала иликтөө боюнча контрабандалык товар Стамбул-Ош рейси менен саат 3.30дө келген. Аэропорттун жүк ташууну уюштуруу кызматынын кызматкери товарды машинага жүктөп, контролдук өткөрүү пунктунан эч тоскоолдуксуз өтүп, аэропорттон чыгып кеткен.

Ошондой эле бул кылмыш ишине аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматынын кызмактери да шектелүүдө.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш ишин иликтөөнү улантуу КР Бажы кызматына берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД