Кыргызстандыктардын орточо айлыгын 26 миң сомго чейин жеткирүүгө сөз беришүүдө

“Кыргызстандыктардын айлыгы 26 миң сомго чейин жетиши керек”, -деп бүгүн Кыргызстандын экономикалык жактан туруктуу өнүгүшүү аттуу Улуттук кеңеште президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын 2017-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясын тааныштырып атып билдирди.

Ошол эле убакта мамлекет башчынын айтымында, инфляция да жогору болбошу керек. “Эгер Кыргызстан ушундай көрсөткүчкө жетсе да, биз алдыңкы орунга чыкпайбыз. Бирок элдин жашоосун жакшыртабыз”, - дейт Атамбаев.

Ал ошондой эле жакынкы жылдары Кыргызстанда 350 миң жумуш орду түзүлүшү керектигин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД