Равшан Сабиров: Бир кишинин көрсөтмөсү менен өлкөнүн жарымын камаса болот

“Эгер бир кишинин көрсөтмөсү менен гана камай турган болсо, анда Кыргызстандын жарымын камоого болот”, - деп бүгүн мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров маалымат жыйында билдирди. Ал жардамчысы Тахир Мирзаахмедовдун көрсөтмөсү менен “Коррупция” беренеси боюнча шектелген болчу.

Биринчи Май райондук соту Сабировду актап, анын жардамчысын алты жылга эркинен ажыраткан. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна арызданган.

Экс-министр ага “эмне үчүн Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой арызданып атат деген” кайрулуулар көп түшүп атканын белгиледи.

“Менин күнөөмдү далилдей турган бир да факты болгон жок. Башкы прокуратура далилдер жок богондуктан ишти тергөө убагында эле токтотушу керек болчу. Бул мага багытталган ачыктан ачык провокация”, - дейт ал.

Сабиров анын жардамчысынан өзүнө карата айтылган көрсөтмөлөрдү күч колдонуу аркылуу алынганын айтты. “Анын башына эки жолу пакет кийгизишкен”, - дейт ал.

Ал Башкы прокуратураны жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин мыйзамды одоно бузгандыгы үчүн айыптады.

Сабировдун адвокаты Икрамидин Айткулов анын жактоочусуна коюлган айыптар боюнча бир да далил болбогонун белгиледи.

“Башкы прокуратура далили жок кылмыш ишин козгоо саясатына өтүп алды. Балким, президент коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге тапшырма берген өңдүү. Алар далили жок туруп кылмыш ишин козгоп атат”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД