Нурлан Мотуев: Секс болгон эмес

Элдик-патриот кыймылынын теңтөрагасы Нурлан Мотуев милицияга зордуктоо тууралуу арыз жазган Алия атуу кыз арызын албаса, анын сүрөтүн интернетке жарыялай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Мотуев Алия аттуу кыз менен ЦУМдун жанындагы кафелердин биринде таанышканын билдирди. “Ал акыркы күндөрү биздин жаныбызда жүрдү. Көз кысты. Мен эркек катары ага комплимент жасадым. Андан ары биздин сүйлөшүүбүз уланды. Биз он күндөй сүйлөштүк. Анан ал мага конокко келди. Биз сок ичтик. Ал 10 мүнөттөн кийин кеткен. Секс болгон эмес”, - дейт ал.

Ал өзүнө карата кылмыш ишинин козголушун “атайылап жасалган” деп атады. “Кыргызстандын бийлиги... ал жакты ким? Атамбаев, Текебаев. Өзүңөрдүн ыплас оюнуңарды токтоткула. Силер мени мындай ыкма менен саясый аренадан жок кыла албайсыңар”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД