Мусулмандардын курултайында муфтий шайланып, КМДБнын уставы кайра каралат

15-декабрда боло турчу мусулмандардын курултайына бардык аймактардан 200 киши катышат. Алар муфтийди шайлап, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставын кайтадан карашат. Бул тууралуу бүгүн муфтийдин орун басары, КМДБнын жаңы уставы боюнча комиссиянын жетекчиси Замир казы Ракиев маалымат жыйында билдирди.

Ал курултайдагы дагы бир маанилүү маселе бул 35 кишиден турган Уламалар кеңешинин мүчөлөрүн кайтадан шайлоо экенин белгиледи. “Көпчүлүк мусулмандар кеңеш мүчөлөрүнүн санына нааразы. Алардын санын кыскартуу же азайтуу боюнча сунуштар бар”, - дейт ал.

КМДБнын сунуш кылган уставынын долбоорунда, ислам дини боюнча жогорку билими бар жана араб тилин эркин билген кишилерди Уламалар кеңешинин мүчөлүгүнө дайындоо сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД