Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча кураманын башкы машыктыруучусу болду

Пекин-2008 олимпиадасынын коло медалынын ээси Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын басмасөз кызматы “ВБ”га билдирди.

Маалыматка ылайык, Бегалиев башкы машыктыруучу Эмил Алыкулов башка ишке өткөндүгүнөн улам дайындалды.

Эскертсек, Алымкулов үч олимпиадалык оюндар бою башкы машыктыруучу болуп иштеген. Ал Афина-2002, Пекин-2008 жана Лондон-2012 олимпиадалык оюндарында күрөшчүлөрдү жетектеп барып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД