Ош облусунда бир тонна көмүрдүн баасы 6 миң сомдон ашты

Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондорунда бир тонна көмүрдүн баасы 6,5 миң сомго чейин чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн күз-кыш убагына даярдануу боюнча селектордук жыйынында белгилүү болду.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунан электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча көптөгөн арыздануулар түшүп атканын айтты. Ал “Ошэлектр” ААК директорун өчүрүү графиги боюнча маалымдоо иштеринин жоктугу үчүн сынга алды.

Мекеме директору Жолдубай уулу Тилек электрэнергиясынын өчүрүлүшү боюнча маалымат интернет-сайттары аркылуу берилгенин билдирди.

“Эгер эл жарыгы жок отурса жарыктын өчүрүлүшү боюнча маалыматты сайттан кантип билет”,- деп премьердин ачуусу келди.

Премьер Жолдубай уулу Тилекти жылдын жыйынтыгы менен анын кызмат орду боюнча маселе карала турганын эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД