Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча сот иши башталды

Экс-президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевди экстрадицилоо боюнча сот процесси башталды. Бул тууралуу бүгүн ата мекендик маалымат агенттиктеринин бири билдирди.

Бүгүн сот АКШ Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча сурамын карамак.

Эскертсек, 12-октябрда Англиянын укук коргоо органдары Лондондо Максим Бакиевди кыргыз тарап менен америка тараптын сурамынын негизинде кармаган. Ал оор кылмыш иштерин жасаган деп шектелүүдө. АКШ аны баалуу кагаздар боюнча алдамчылык жасаган деп айыптоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД