Бишкекке криминалдык авторитет Камчы Көлбаев алынып келди

Бишкекке 8-декабрда криминалдык авторитет Камчы Көлбаев алынып келди. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көлбаевге “Адам уурдоо”, “Мыйзамсыз эркинен ажыратуу”, “Кылмыш тобун түзүү”, “Мыйзамсыз курал-жарак сактоо, аны алып жүрүү” сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылууда.

Ал МУККнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД