Бишкекте дүкөнгө кол салуу боюнча кылмыш ишинин бети ачылды

Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери 21-ноябрда Бишкекте дүкөнгө кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачышты. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басмасөз кызматы билдирди.

Тергөө иштери аныктагандай, 21-ноябрда болжол менен саат 6.20 чамасында, жашы 25-30тардагы төрт азиат улутундагы белгисиз бирөөлөр бетине медициналык масканы кийип алышып, борбор калаанын Толстой жана Тыныстанов көчөсүнүн кесилишендеги “Касым” дүкөнүнө кол салышкан. Алар коркутуу жолу менен 3 250 сомду жана башка буюмдарды алып кеткен. Кол салуу учурунда дүкөндө дүкөндүн ээси болгон.

Бул кылмыш ишин жасаган деп Талас облусунун жашы 25-30тардагы алты тургуну шектүү катары кармалды. Алардын жанынан шектүү буюмдар жана беш медициналык маска табылган. Тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД