Депутат ГЭС куруу боюнча келишимди Кыргызстан үчүн пайдасыз деп эсептейт

“Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу жана Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен болгон келишимдин шарттары Кыргызстан үчүн пайдасыз”, - деп Жогорку Кеңештеги эларалык иштер боюнча комитетинин жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Жыйында Камбар-Ата – 1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.

Жолдошованын айтымында, Кыргызстан менен Орусия ортосунда түзүлгөн келишимде “тең укуктуулук” жок. “Жогорку Нарын каскадына курула турчу ГЭСте кыргыз тарап орус тарапты мүлккө жана жерге болгон салыктан бошоткон. Биз тең укуктуулук жөнүндө айтып атабыз, бирок биз эмне үчүн бошотушубуз керек?”, - деп суроо салды ал.

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов объект өзүн-өзү акташ керек беп белгиледи. “Салыктардан бошотуу бул эки тараптуу норма болуп эсептелет. Орус тарап долбоорду ишке ашырууда жерге жана мүлккө болгон салыктан бошотулат. Кыргыз тарап кирип аткан продукцияга жана жабдыктарга болгон салыктан бошотулат”, - дейт ал.

Долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын 50 пайыз гана укугу болгону Жолдошованы ачуулантты. “Кыргызстандан башка дүйнөдөгү бир да мамлекет ушундай шарт менен келишимге кол койбойт. Эмне үчүн Кыргызстандын жок дегенде 51 пайыз укугу жок? Жабык акционердик коомдун директорлор кеңешинде Кыргызстандан эки киши, ал эми Орусия тараптан үч киши. Демек, электрэнергиясын импорттоодо орус тарап өз аракетин жана чечимин макулдашпайт экен да”, - дейт депутат.

Калмамбетов аталган маселе келишим түзүүдө эң башкы нерсе болгонун баса белгиледи. “Келишимдин 9-беренесинде директорлор кеңешинин чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деп жазылган. Негизги маселелер боюнча чечим (долбоор-сметалык документ, импорт маселеси) директорлор кеңешинин бардык 5 мүчөсү менен бир добуштан кабыл алынат”, - деп түшүндүрдү ал.

Жолдошова менен “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу да макул болду.

Жолдошова өз сөзүндө кандай болгон учурда да аталган келишимде тең укуктуулук жок деп кошумчалады. Ал өлкөнүн жаратылыш ресурстары баарынан да абдан маанилүү деп эсептейт. Депутат ошондой эле азыркы глобалдык жылуулук коркунучу шартында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын иликтөө керектигин айтып, Кыргызстан “абдан көңүл бурушу” керек деп кошумчалады. “Суу ташкыны болбойт деп ким кепилдик бере алат. Сөз каскад тууралуу болуп атат”, - дейт Жолдошова.

“Энергетиктер эч качан дарыянын нугун бурушкан эмес. Нарын дарыясы кандай акса, ошондой агып келетат. Мөңгү маселеси каралат”, - деп сөз берди Калмамбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД