Камчы Көлбаев МУККнын тергөө абагында 2013-жылдын 8-январына чейин болот

“Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев МУККнын тергөө абагына 2013-жылдын 8-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Көлбаев Кыргызстандын Кылмыш кодексинин “Кылмыш тобун түзүү”, “Кылмыш жасоого катышкан”, “Курал жаракты мыйзамсыз жасоо жана аны алып жүрүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө карата кордук жасоо”, “Мыйзамсыз эркинен ажыратуу”, “Каракчылык” беренелери боюнча айыпталууда.

Ушундан улам анын баш коргоо чарасы бир ай камакка алуу деп белгиленди. Ал 2013-жылдын 8-январына чейин МУККнын тергөө абагында камакта болот.

Көлбаевдин кармалышы мыйзамдуу жана негизделген деп таанылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД