Каныбек Иманалиев: Биринчи жолу биздин энергетикага ири инвестиция келди

“Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу энергетика тармагына ири инвестиция келды”, - деп Жогорку Кеңештеги эларалык иштер боюнча комитетинин жыйынында анын төрагасы “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Жыйында Камбар-Ата – 1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.

Иманалиев “профилдик комитет жактыргандан кийин мыйзам долбоорун колдоо керек" деп эсептейт. “Андан сырткары биз Орусия менен мамилени чыңдоону унутпашыбыз керек. Ошондой эле биз Орто Азияда Кыргызстандын геосаясый позициясың чыңдап атабыз. Нарын дарыясы көп жылдардан бери жөн эле турду. Эгер инвестор тартпасак мындан кийин деле ошентип тура берет”, - деп баса белгиледи ал.

Иманалиев менен оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков макул болду. Анын айтымында, инвесторлорду коркутуунун ордуна аларды тартуу керек. “Кыргызстан менен Орусиянын ГЭС куруу боюнча орток долбоору бир гана терс эмес, оң таасир да берет. Биз жакын жайгашкан айылдарда электр энергиясына болгон баа төмөн болоорун унутпашыбыз керек. ГЭСти курууда жана ал ишке киргенден кийин да жумушчу орундары пайда болот”, - дейт ал.

Талкуунун жыйынтыгыда депутаттар Камбар-Ата – 1 жана Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу боюнча мыйзам долбоорун ратификациялоонун биринчи окууда жактырышты. Эл өкүлдөрү Энергетика жана өнөр жай министрлиги мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууга алып келгенде алардын эскертүүлөрүн жана сындарын эске алышы керек деп белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД