Депутат: Кийинки жолу малдын кырылышына премьер-министр жооп берет

“Малдын кезектеги массалык кырылышына жоопкерди аныктоо зарыл. Мыйзам нормаларына өзгөртүү киргизип, ким жоопкер боло турганын так жазуу керек”, - деп Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, ушундай кырдаалда ким жоопкерчиликти ала турганын чечүү кажет. “Балким, кийинки жолу жоопкерчиликти премьер-министр өзү алат. Бул маселени талкуулоо керек”, - дейт эл өкүлү.

Эскертсек, бүгүн Жогорку Кеңештеги профилдик комитет өкмөттүн Жогорку Кеңештин 26-сентябрдагы “Жалал-Абат облусунун Сузак районундагы малдын массалык кырылышы боюнча абал” жөнүндөгү токтомунун аткарылышын кароодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД