Жолдошова 23кө толо элек кыздардын чет жакка чыгуусуна тыюу салууну сунуштоодо

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова 23кө толо элек кыздардын чет жакка чыгуусуна тыюу салуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чара көрүү зарылдыгы кыздардын чет жакка массалык түрдө чыгуусунан улам пайда болду. Жолдошова тыюу салынганына карабастан кыргыз кыздарына чет элге турмушка чыгууну сунуштаган нике агенттиктери мурдагыдай эле иштеп атканын белгиледи.

“Мисалы Түштүк же Түндүк Корея болсун алар ал жакта түшүнүксүз абалга туш болууда. Көпчүлүк учурда алар айласыз кырдаалга тушугуп, мекенине кайтып келе алышпай атат”, - дейт Жолдошова.

Ал чет жакка канча кыз кеткендиги тууралуу эч кимде маалымат жок экенин белгиледи. Эл өкүлү турмушка чыга элек кыздардын чет жакка чыгуусуна тыюу салуу керек деп эсептейт.

“Бирок, биз тыюу сала албайбыз. Ошентсе да ушундай эле чаралар Тажикстанда жана башка мамлекеттерде көрүлүп келет. Бирок биз башка чараларды көрө алабыз”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД