Бишкекте майрамдык балатыны 15-декабрга чейин орнотуп бүтөт

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкекте жаңы жылдык төрт балаты орнотот”, - деп бүгүн ишкананын директор орун басары Токтобек Элгондиев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, учурда негизги эң чоң балаты Ала-Тоо аянтында коюлууда.

“Балатынын бийиктиги 22 метр. Анын негизги түркүгү ишемби жана жекшемби күнү ишкананын кызматкерлери тарабынан орнотулган. Азыр түркүккө балатынын бутактары орнотулууда. Эртең бул иш аяктаса, чырактарды орнотуп баштайбыз. Андан соң гана жаңы жылдык оюнчуктар менен кооздолот”, - дейт Элгондиев.

Ал ошондой эле жаңы жылдык балаты, мэрия имаратынын алдына, “Ак үйгө” жана опера балет театрынын алдына коюларын кошумчалады.

“Мэриянын алдына коюла турчу балатынын бийиктиги 12 метрдей, ал эми “Ак үй” алдына болсо 15 метрлик балаты коюлат. Азыр театрдын алдына коюлчу балатынын түркүгүн күтүп атабыз. 15-декабрга карата Бишкекте бардык майрамдык балатыны орнотуп бүтөбүз деп пландоодобуз”, - дейт ишкананын директор орун басары.

Ал ошондой эле ар бир район администрациясынын алдында акимиаттын өз күчү менен жаңы жылдык балаты коюла турганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД