Кытайдын түрмөлөрүндө Кыргызстандын 20 жараны отурат

Кытайдын түрмөлөрүндө Кыргызстандын 20 жараны отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Кытайдагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк кыргызстандыктар маңзаты үчүн камалышкан. “Эки кыргызстандык уурулук үчүн, дагы үчөө – адам өлтүрүү менен кармалган. Биз сотторго барып, алардын туугандары менен байланышууга жана жардам берүүгө аракет кылуудабыз”, - дейт Кулубаев.

Элчи учурда элчиликтин каттоосунда турган 350 Кырызстандын жараны Кытайда иштээрин кошумчалады.

“Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров апрель айында Кытайга болгон сапары учурунда элчи менен жолуккусу келгенин, бирок элчинин болбогонуна нааразычылык билдирди. “Мени консулдар да кабыл алган жок. Мен түрмөдө отурган кыргызстандык студент кыз тууралуу сүйлөшөйүн дегем”, - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД