Сузак районундагы малдын массалык кырылуусун диверсия деп эсептешти

Сузак районундагыдай малдык массалык кырылуусуна жол бербөө үчүн мамлекет чек ара пунктарын рентгендик аппарат менен жабдуусу керек. Бул тууралуу бүгүн “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Эсенгул Исаков “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, мындай аппарат Кыргызстандын эки гана өткөрүү пунктунда бар. Ал эми түштүктөгү чек араларда андай жок. Ушундан улам бажыдан вакциналарды алып өткөн Өзбекстандын жаранын кармоо мүмкүн болгон эмес.

“Ошентсе да эки күн ичинде 2,5 миң баш койду эмдөө болгону шек туудурат. Мен контрафактык вакцинаны Кыргызстандын аймагына атайын алып келген деген ойдомун. Балким, кандайдыр бир күчтөр өкмөт менен элдин ортосунда түшүнбөстүк чыгарууга аракет кылгандыр. Бул чагымчылдык болду. Сузак районунда малдын массалык кырылуусун уюштургандар, балким эл менен бийликти чабыштыргысы келгендир”, - дейт депутат.

Депутат түзүлгөн кырдаалды диверсия болушу да мүмкүн дейт.

“Өзбекстандан алынып келген вакцинадан 60 миңден ашуун кой өлгөндүгүн диверсия катары баалайм. Ушундай жол менен чек арадан адамдын ден соолугуна зыян алып келчү амбула алып өтпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мамлекеттин коопсуздугун күчөтүү керек. Ошондой эле тийиштүү органдар чагымчылдыктын артында ким турганын жана диверсияны ким аткаргандыгын аныкташы керек”,- дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД