Орусиянын базасы жөнүндөгү келишимди жабык эшик артында талкуулоону чечишти

Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитети 10-декабрдагы жыйынында “Орусиянын бирдиктүү аскер базасынын Кыргызстандын аймагында болушу тууралуу Кыргыз Республикасын менен Орусия федерациясынын ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жабык эшик артында талкуулоодо.

Коргоо министринин орун басары Замир Суеркулов аталган маселе ЖМК өкүлдөрүсүз талкуулануусу керектигин белгиледи. “Мен ачык жооп бере албаган маселе чыгышы мүмкүн. Себеп дегенде ал аскердик коопсуздукка тиешелүү болууда”, - деп түшүндүрмө берди ал.

Анын сунушун депутаттар колдоого алып, журналисттерди залдын чыгуусун суранышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД