Депутат Кытайдагы элчинин батиринин ижара акысына ачууланды

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов Кыргызстандын Кытайдагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев батир үчүн айына 4 миң доллар төлөп атканына ачуусу келди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстандын Кытайдагы толук ыйгарым укуктуу элчиси ай сайын батир үчүн 28 миң юань төлөөрүн айтты. Бул болжол менен 4 миң долларды түзөт. “Мындай маалымат мага Эсептөө палатасынан расмий түрдө келди. Албетте, бул батир престиждүү үйдө жана престиждүү райондо орун алган. Ошол эле убакта Тажикстандын элчиси 2 миң долларлык эле батирде жакшы эле жашап атат. Ошондой эле каражат төлөп ШКУнун башкы катчысы Муратбек Иманалиев деле жакшынакай эле жашап атат”, - дейт Сулейманов.

Ал бюджеттин чоң тартыштыгы болгондуктан дипломаттар да сарамжалдуу болушу керек деп белгиледи.

Кулубаев батирди Тышкы иштер министрлигинин макулдугу менен аларын жана ага 28 миң юань эмес, 21 миң юань төлөөрүн айтты. “Мындай суммага ТИМден уруксат алгам. Мекеме мага уруксат берген. Мен алыс жашагандыктан жана ишке жакын келүүм керек болчу”, -деп ал баса белгиледи.

Сулейманов дагы башка мыйзам бузуулар бар экенан айтат. Анын ичинде элчиликте анын жубайы иштей турганын белгилеп, бул анын айтымында дипломатиялык кызмат жөнүндөгү мыйзам бузуу болуп эсептелинээрин кошумчалады. “Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзсүн. Бардык мыйзам бузууларга жол берилбеши керек”, - дейт депутат.

Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев элчилерге сыпайы мамиле кылып, билдирүүнү да этияттык менен жасоо керек деп билдирди. “Биз министрлерди жана башка чиновниктерди чакырып алып, талкуулап жазалашыбыз мүмкүн. Бирок элчилерге андай мамиле жасабаш керек. Алар биздин чет мамлекеттеги өкүлүбүз. Эгер аларды сөз менен гана коррупция боюнча айыптай турган болсок, алар тууралуу коллегалары эмне деп ойлойт? Эгер мыйзам бузуу болсо, Эсептөө палатасы аталган маселе боюнча териштириши керек”, - дейт Иманалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД