Жогорку Сот: Камчы Көлбаев МУККга өзү келген

“Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев 8-декабрда МУККга өзү келген. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат-катчысы Айнура Токтошева “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сот жараяны учурунда МУККнын тергөөчүсү Камчы Көлбаевдин кармалганын жана МУККга өз ыктыяры менен келгенин баса белгилеген.

“Көлбаев 8-декабрда таңкы саат 5терде өз ыктыяры менен келгенде МУККнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Эч ким Дубайда эч кандай атайын операция жүргүзгөн эмес”, - дейт Токтошева.

Өз кезегинде МУКК мекеменин кызматкерлери араб коллегалары менен биргеликте атайын оперативдик-иликтөө иштерин өткөрүп, анын жыйынтыгында Камчы Көлбаев кармалганын белгилешүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД