Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандады

Экономика министрлигинин алдындагы атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти Кыргызстанга күйүүчү майды дүңүнөн жана чекене алып келүүчү “Газпром нефть Азия” жоопкерчилиги чектелген коом менен күйүүчү майга болгон бааны төмөндөтүү боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу департаменттин директору Данил Ибраев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, баанын төмөндөшү бүгүнтөн башталат. Аи-98 жана Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 0,5 сомго арзандайт, Аи-92 жана дизель болсо 0,2 сомго арзандайт.

Ибраев билдиргендей, күйүүчү майдын арзандашы орусиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баанын арзандашынан улам болгон.

Учурда Аи-98, Аи-95, Аи-92 жана Аи-80 үлгүсүндөгү бензин “Газпромдун” май куйуучу жайларында 44.7, 42.2, 39.8 жана 32.1 сомдон сатылууда. Дизель 39.6 сом турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД