Жол кырсыгына күнөөлүү депутаттын жардамчысы бошотулушу мүмкүн

Бишкекте ири жол кырсыгына себепкер болгон депутаттын жардамчысы камактан чыгарылышы мүмкүн. Жол кырсыгынан үч адам каза болуп, бир нече жаран жаракат алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен “ВБ”га билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 10-декабрда “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун коомдук жардамчысы Таалайбек Жакыпов – Биринчи Май райондук сот алдына келет. Балким аны фемида кызматкерлери бошотушу мүмкүн дейт милициядан.

“Жол кырсыгынын күнөөкөрү азыр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карайт”, -деп белгилешти ШИИБтен.

Аталган жол кырсыгы боюнча кылмыш кодексинин “Жол кыймыл эрежесин бузуу жана адам өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Медициналык текшерүү көргөзгөндөй Жакыпов жол кырсыгы болгон күнү мас болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД