“Ар-Намыс” фракциясы Турсунбай Бакир уулун омбудсмендикке көргөзүүдө

“ВБ”нын жеке булактарынан маалым болгондой “Ар-Намыс” фракциясы омбудсмендик кызматка Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көргөзүүдө.

Бакир уулу бул маалыматты тактап, фракциясынын сунушуна кат түрүндө макулдугун бергендигин айтты.

Анын айтымында, “Ар-Намыс” фракциясынан акыйкатчылык кызматка ал жалгыз гана талапкер болууда. Эл өкүлү коомдун омбудсмен институтуна болгон ишенимин кайтадан кайтаруу үчүн депутаттык кызматты өлкөнүн башкы укук коргоочусу кызматына алмаштырууга даяр экенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД