Кыргызстанда инфляция 5,9% жетти

Жыл башынан бери колдонуучулардын баасынын индекси 105,9% түздү. Бир гана ноябрь айында баалар 0,9% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Статистикалык органдын маалыматына ылайык, ноябрь айында өткөн айларга салыштырмалуу колдонуучу секторунда инфляциянын жалпы деңгээлине жашылчанын – 13,2%, сүт азыктары, сыр жана жумуртканын – 2,3% жана кийим-кеченин 1,2% сезондук кымбаттоосу таасир берген.

Жыл башынан бери товар жана кызматтарга болгон колдонуучу баасы менен тарифтер 5,9% өскөн. Ошол эле убакта алардын жалпы жогорулоосу азык түлүктөн башка товарлардын баасынын 46% ашык өсүшүнө туура келет. Кызматка – 22,8%, тамак аш азыктарына жана алкоголсуз ичимдиктерге – 20,1%, ал эми алкаголдук жана тамекиге – 10,9% болгон.

Жыл башынан бери эң жогорку инфляциялык деңгээл 7,6% болуп, салт болуп калгандай Ысык-Көл облусунда катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД