“Кыргызстан” авиакомпаниясы Орусиядан жүк-200дү бекер алып келүүгө макул болду

2012-жылдын 10-декабрынан тарта “Кыргызстан” авиакомпаниясынын бардык рейстеринде Орусияда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү бекер болот. Жүк-200дү жөнөтүүдөгү аэропорттогу бардык чыгымдар жөнөтүүчү тарапка жүктөлөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы билдирди.

Ошондой эле мындай чечимди Кыргызстандын башка авиакомпанияларынын жетекчилиги жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы да колдойт деген үмүт бар.

Белгиленгендей, 2012-жылдын 7-ноябрына алынган маалымат боюнча Орусиянын аймагынан Кыргызстанга жүк-200дү жөнөтүү боюнча 328 учур катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД