Данияр Тербишалиев мамлекеттик органдарды көзөмөлдөөчү сот түзүүнү сунуштоодо

Кыргызстанда өзүнчө административдик сот түзүү кажет. Өзгөчө мамлекеттик органдарды көзөмөлдөгөн соттун болушу керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев өзүнүн Facebook социалдык баракчасына жазды.

Депутат жүргүзүлүп аткан сот реформасынын алкагында өзүнчө административдик сотту түзүү кажет деп эсептейт. Мындай ыкма дептутаттын айтымында жарандардын “административдик-мамлекеттик ээн баштыкка” жарандын каршы тура алышына мүмкүндүк берет жана мамлекет алдында өз укуктарын эффективдүү коргой алышат.

“Мамлекеттик жазыксыздык жоромолу принциби иштеш керек, башкача айтканда мамлекет өзүнүн тууралыгын жарандар алдында далилдеп бериши керек, же тетирисинче, - деп жазат Тербишалиев. – Жөнөкөй тил менен айтканда, бул мамлекеттик органдарды көзөмөлдөгөн сот”.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД