Бишкекти Жаңы жылга карата кооздоо үчүн 4 миллион сом коройт

“Ала-Тоо” аянтын кооздоого 1 млн 540 миң сом жумшалды. Бул тууралуу бүгүн вице-мэр Вячеслав Красиенко журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, шаарды кооздоо үчүн конкурс жарыяланган. Шаардын бир бөлүгүн кронштейндер менен кооздоо боюнча Бишкекбашархитектуранын эскиздери жеңип алган.

“Бүгүнкү күнү 100 кронштейн илинди. План боюнча 230 илинет. Бишкек мэриясынын реклама департаменти аянттарды белгиледи. Бул максатта 1 млн 540 миң сом короду”, - дейт вице-мэр.

Ал ошондой эле Бишкек боюнча бардыгы болуп 3 190 чарчы метр жер жасалгаланарын кошумчалады. Шаарды майрамга карата кооздоо үчүн 4,2 млн сом жумшоо пландалууда. Красиенко өз сөзүндө шаарда майрамдык беш балаты орнотуларын белгиледи.

“Балатылар Жогорку Кеңеш, мэрия имаратынын алдына орнотулат. Ала-Тоо аянтындагы балатыны бүгүн орнотуп бүтөбүз. Опера жана балет театрынын алдында да балаты коюлат”, - дейт Красиенко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД