Ала-Тоо аянтындагы майрамдык балаты 14-декабрда ачылат

Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балатынын расмий ачылышы Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун катышуусу менен 14-декабрда болот. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко журналисттерге билдирди.

“Бул жылы өткөн жылдан калган оюнчуктарга кошумча дагы 2,5 миң жаңы оюнчук “Бишкексвет” ААКсы менен биргеликте сатылып алынат. Бул максатта 2,5 млн сом жумшоо пландалууда”, - дейт ал.

Красиенко “Бишкексвет” ар кандай түстөгү чырактардын 70 пайызын алып бергенин кошумчалады. Андан сырткары, салт болуп калгандай жаңы жылдык жарманкени 28-31-декабрь күндөрү өткөрүү пландалууда дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД