Милиция Бишкекте сатылып аткан пиротехниканы көзөмөлдөйт

Мыйзамсыз сатылып аткан фейерверк менен салюттар дыкат текшерүүгө алынат. Мындай билдирүүнү бүгүн Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко билдирди.

Ал майрам алдында пиротехниканы сатуу шарттарын Бишкектин башкы ички иштер башкармалыгы көзөмөлгө ала турганын белгиледи.

“Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү пиротехниканын атайын бөлүнгөн жана белгиленген жерде гана сатылуусун көзөмөлдөшү керек”, - дейт Красиенко.

Вице-мэр ошондой эле ар бир сатуучу сертификат алуусу керектигин баса белгиледи. Тийиштүү документи жок пиротехника сатуу мыйзамсыз болуп эсептелет. Красиенко ар бир жаран фейервекти сатып алып атканда анын тийиштүү сертифакаты бар жогун суроосу керектигин, себеп дегенда ал адамдын саламаттыгына коопсуз деген текшерүүдөн өткөрүлөт, -деп кошумчалады.

Тийиштүү документи жок пиротехника камакка алынып, сатуучулур жоопко тартылат деп өз сөзүн жыйынтыктады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД