Милиционерлердин нааразычылык акцияларына катышууга тыюу салат

Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдиргендей, мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тынчтык митингдерине катышууга тыюу салынат. Андан сырткары милиционерлерге нааразычылык белгиси үчүн кызмат ордун таштап кетүүгө да тыюу салынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД