Таалайбек Койчуманов: Тышкы карыз боюнча маселе 2015-жылга жакын курчуйт

Тышкы карыздар боюнча маселе 2015-2020-жылдарга карай курчуйт. Бул тууралуу бүгүн “Башкаруу, мониторинг жана Кыргызстанга сырткы жардамдардын эффективдүүлүгү” аттуу тегерек столдо өкмөткө караштуу бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов билдирди.

Анын айтымында, тышкы карыздарды көзөмөлдөөгө жана мониторингге арналган финансы министрлиги тарабынан тааныштырылган www.donors.okmot.kg сайты керексиз кредиттерден баш тартууга жардам берет.

“Өлкөдө карыздардын жана кредиттердин артыкчылыгы турат, - дейт Койчуманов. – Ошол эле учурда тышкы жардамдын туруктуулугу да болушу керек. Кээде долбоорлор узакка чоюлуп кеткен учурлар болот: акчаны алдык, ал кайда кеткени жана коюлган максатка жетип жетпегени түшүнүксүз”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД