Ольга Лаврова: Кыргызстандын энергосектору оор финансылык абалда турат

Өкмөт 2013-жылы “РСК Банктан” 220 млн сом дивидент алууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымында бул 2012-жылга салыштырмалуу 50 млн сомго көп.

“НЭСК” ААКынан 2012-жылдын аягында 73 млн сом түшүшү күтүлүүдө. Энергосектор финансылык оор абалда болгондуктан 2013-жылы анын дивиденддик бөлүгүнүн азаюусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрилиги, ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да айтууда”, - дейт Лаврова.

Мындай билдирүү комитет төрагасы Ахматбек Келдибековдун ачуусун келтирди. Ал өкмөт энергосектордун дивиденддик болугунун томондоосу болот деп айтпоосу керек деп белгилеп , акча тарифтердин өзүнө салынганын айтты.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев энергосектордо чындап эле көйгөй бар экенин тастыктады жана анын үстүндө өкмөт иштеп атат деди. “Кийинки жылы оор абал орун алат. 2010-жылдан бери биз тарифти бир да тыйынга көтөргөн жокпуз”, - деди премьер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД