Нарынбек Молдобаев: Өкмөт электр энергиясына болгон бааны көтөрбөшү керек

“Өкмөт электр энергиясына болгон бааны көтөрбөшү керек”, - деп Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, электр энергиядагы техникалык жоготуу 20%, ал эми газдыкы болсо 45%. “Өкмөттүн жана элдин өкүлдөрү качан уурдоону токтотот? Тарифти көтөрүшүбүз мүмкүн, бирок бул техникалык жоготуунун азаюусуна алып келбейт”, - дейт Молдобаев.

Ал ошондой эле мамлекет менен жеке сектор биргелешип Кыргызстанда канаттуулар чарбасын өнүктүрүүсү керек деген сунушун айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД