Жантөрө Сатыбалдиев: Мамлекет үнөмдөгөндү үйрөнүшү керек

“Мамлекет үнөмдөгөндү үйрөнүшү керек”, - деп Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Жыйында 2013-жылдын бюджетин талкуулоо учурунда премьер-министр мамлекет каражатка жашашы керек деп белгиледи.

“Акча бизде бар, бирок биз аны эффективдүү колдона албай атабыз. Айлык акысын көтөрүш керек болгон тармактар бар”, - деди Сатыбалдиев.

Ал ошондой эле чек арачылардын айлык акысын көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Министрлер кабинетинин жетекчиси курулуш иши аяктабаган 9,5 млрд сомдук курулуштар бар экенин айтты. Премьердин айтымында, эгер ушундай абал СССР учурунда болгондо “эгер алар партияда болсо, партиялык билетинен ажырап калмак”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД