Садовой айылында ымыркайды таштап кетишти

Чүй облусунун Москва районунан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Чүй ИИББ басмасөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, кечээ, 10-декабрда, Садовой айылындагы тургундун үйүнө азият улутундагы аял жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен. Эркек бала жууркан менен оролгон.

Окуя болгон жерге келген врачтар ымыркайдын ден-соолугун текшерип, анын абалы жакшы экенин айтышкан.

Ымыркайды таап алган үйдүн ээси баланы асырап алуу ниетин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД