Жантөрө Сатыбалдиев класстык чиндерди кыскартуу идеясын колдойт

Жантөрө Сатыбалдиев класстык чиндерди кыскартуу идеясын колдойт. Бул тууралуу премьер-министр бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов көпчүлүк чиновниктер жогорку айлык же пенсия алуу үчүн класстык чиндерди алышат деп билдирди.

“Мен жакында эле бизнестен келген жаш чиновникмин. Андыктан президент алдында чин жана артыкчылык алуу үчүн жагына албайм”, - дейт ал. Ошондой эле класстык чиндер чиновниктер үчүн мамлекеттик жумушта иштөөгө стимул болбошу үчүн аны жоюу керектигин белгиледи.

Буга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламент класстык чиндерди кыскартуу боюнча теманы көтөрүшү керектигин айтты. Ал президенттин аппаратын жетектеп турган учурда бир гана сыйлык жана чин алуу үчүн кишилер көп келгинен билдирди.

“Бул сферада реформа жүргүзүү керек. Антпесе бизде эмгек сиңирген артистер көп, бирок сапат жок. Мен чиндерди алып коштоону колдойм. Ал эми айлык акынын төлөнүшүнө келе турган болсок, бул жерде да реформа жүргүзүү керек. Депутаттар бул маселени демилгелеш керек, биз аны колдоп беребиз”, - деди ал.

Бирок Абдрахманов аталган маселени өкмөт көтөрүшү керектигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД